• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түштүк Кореянын Конкук университети Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Динара Кемелова менен Конкук университетинин ректору Сангги Миндин жолугушуусу болду, - деп билдирет КРнын Түштүк Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл-чарба тармагында aдистерди даярдоо, саламаттыкты сактоо жана эл аралык мамилелер тармактарында Кыргызстандын ЖОЖдорунун жана Конкук университетинин ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Өз кезегинде элчи Динара Кемелова бул окуу жайдан кыргыз студенттери үчүн стипендия берүү боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. Эки тарап ошондой эле кыргыз-корей медициналык борборун түзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.

Маалымат үчүн: Конкук университети Түштүк Кореядагы алдыңкы 10 жогорку окуу жайдын бири болуп саналат. Университеттин алдында 58 изилдөө институту, 16 колледж жана 13 мектеп бар. Мындан тышкары, университеттин жеке ооруканасы бар.

Пикир

Оставить комментарий