• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк Кореянын мурдагы президенти 15 жылга соттолду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Түштүк Кореянын мурдагы президенти Ли Мён Бак коррупция айыбы менен 15 жылга соттолду. Андан тышкары ал 11 жарым миллион доллар өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Сеулдагы соттун чечимине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Прокуратура мурдагы президентти 20 жылга эркинен ажыратууну сураган. Сот отурумуна экс-президенттин өзү катышкан жок.

Ли Мён Бак 76 жашта. Түштүк Кореяны 2008-жылдан 2013-жылга чейин башкарган саясатчы быйыл жазында пара алууга айыпталган. Андан тышкары ага салык төлөөдөн качуу, бийлигин пайдаланып кыянат кылуу жана шайлоо мыйзамдарын бузуу айыптары тагылган.

Былтыр пара алуу жана кызматын кыянат пайдалануу беренеси менен өлкөнүн дагы бир мурдагы лидери Пак Кын Хе 24 жылга соттолгон. 2009-жылы жемкорлукка айыпталган экс-президент Но Му Хён өз жанын кыйган. Учурда Түштүк Кореяны Мун Чже Ин башкарууда.

Пикир

Оставить комментарий