• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түштүк Кореянын президенти Борбор Азиянын үч өлкөсүнө барат

Саясат 0

Бишкек. 10.04.19 /Кабар/. Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин Борбор Азиянын үч өлкөсүнө иш сапары менен келет. Бул тууралуу Fars агенттиги кабарлады.

Кореянын президенти 16-18-апрель күндөрү Түркмөнстанга барат. Ал жакта түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана өлкөнүн башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Андан кийин, 18-21-апрелде Мун Чжэ Ин Өзбекстанга менен барат. Бул сапарынын алкагында өлкө президенти Шавкат Мизиеев менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө маселесин талкуулашат.

Түштүк Кореянын президенти 21-23-апрелде Казакстанга расмий сапар менен барат жана өлкөнүн убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат.

Мун Чжэ Индин бул сапарынын максаты – Түштүк Корея менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз байланышты күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий