• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк магистралда Honda карама-каршы тилкеге чыгып, үч унааны сүздү – видео

Кырсык 0


Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын А.Токомбаев (Түштүк магистраль) менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 26-октябрда саат 08:30да Honda унаасы Түштүк магистраль көчөсүнүн карама-каршы тилкесине чыгып, "Мерседес" жана "Тойота" үлгүсүндөгү эки унаасы сүзгөн.

Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес. Унаалар айып аянтчасына киргизилген.

Тиешелүү экспертизалар даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий