• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүк магистралда айдоочу тротуарда турган велосипедченди коюп кетти. Видео

Кырсык 0


Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте күн мурун, 19-апрелде болжол менен саат 16:55тер чамасында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Хонда Одиссей» унаасынын айдоочусу Токомбаев көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Токтоналиев көчөсүнүн кесилишинен Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны сүзгөн. Айдоочу андан кийин Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жаткан велосипедченди коюп кеткен.

Жол кырсыгынан бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда эки унаа тең убактылуу айып короо жайына токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий