• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Түштүк магистралда жол кырсыгы катталып, 2 кыз ооруканага жеткирилди – сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.19. /Кабар/. Бишкектиге А.Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүндө 25-апрелде болжол менен түнкү саат 02:20лар чамасында Mercedes-Benz C-класс үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, белгисиз айдоочу унааны башкарып келе жатып, жолдун четиндеги темир тосмону сузүп, натыйжада унаадан от чыккан.

Кырсыктын кесепетинен 18 жана 20 жаштагы эки жүргүнчү кыз ооруканага жеткирилген.

Учурда айдоочунун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий