• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түштүктөгү табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жакындан жардам берилүүдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Кыргызстандын түштүк аймагындагы жер титирөөдөн жабыркаган 610 турак жай таптакыр жараксыз болуп калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде май айындагы табигый кырсыктын кесепетин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Министрдин айтымында, ушу тапта үй-жайсыз калган адамдар чатырларга жайгаштырылып, азык-түлүк жана курулуш материалдары менен өз баасында камсыз кылынууда. Ал эми вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков азыр айрым турак жайлардын пайдубалы түптөлүп калганын, каржылоо маселеси чечилип жатканын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү кырсык болгон жерде көчмө бейтапкана ачылып, жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын, кайрылгандардын басымдуу бөлүгү катуу стресске кабылганын билдирди.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин маалыматына караганда, жумушсуз калган жергиликтүү тургундар кабылына келтирүү жумуштарына тартылып, аларга маяна төлөнүп берилүүдө.

Белгилей кетсек, комиссиянын жеринен текшерүү жыйынтыгында жер титирөөнүн кесепетинен 609 турак жай 4 категорияда, 9 үй 5 кактегорияда жабыркаган деп табылып, аларды бузуу керек деген чечим кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий