• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түштүктө Өзбекстандан 450 миң сомдук мыйзамсыз товар ташыгандар кармалды

Аймак 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Бажылык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен-Ош унаа жолунан Өзбекстандан аткезчилик менен алынып келаткан үй чарба буюмдары табылды.

Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам топтун жардамы менен Кадамжай районундагы Марказ айылында мамлекеттик номерлүү Б.Б аттуу кыргыз жараны айдаган «Мерседес-Бенц1317»үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Унааны текшерүүдө андан үй чарбасына керектелүүчү Өзбекстандан чыккан товарлар табылган. Унааны башкарып келаткан жаран товарга тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес.

Мындан улам унаа товары менен кошо маселе чечилгенче сакталуучу жерге коюлду. Товардын жалпы суммасы 455 950 сомду түзөт.

Бул иш Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий