• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Т.Абдыгулов Улуттук банктын кирешелеринин төмөндөшүн туруктуу мезгилдин орношу менен түшүндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 28-март /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов КР УБ кирешелеринин төмөндөшү боюнча кырдаалды түшүндүрдү.

“Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйында ал Улуттук банктын кирешелеринин төмөндөшү туруктуу мезгил тууралуу билдирерин айтты.

“Кадимкидей мезгилде Улуттук банктын кирешеси 300-500 млн сом түшүүлөрдөн ашпайт. Иштин маңызы КР УБнын максаты пайда көрүү эмес, баалардын жана улуттук валютанын туруктуулугун сактоо экендигинде. Ошондуктан кирешенин төмөндөшү – бул туруктуулук мезгилинин белгиси экендигин түшүнүү керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий