• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Т.Абжапаров: Салык кызматы алдында турган милдеттерин ишке ашыруу боюнча болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт

Коом 0

Бишкек, 09.02.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча болгон күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу ведомствонун төрагасы Теңизбек Абжапаров коллегиялык отурумдун жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө берген маегинде билдирди.

МСКнын башчысы Т.Абжапаров билдиргендей, коллегиялык отурумдун жүрүшүндө КР өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев салыктарды башкаруу чөйрөсүндөгү бир катар көйгөйлөрдү көтөрүп, үстүбүздөгү жылы салык органынын алдында турган милдеттерди белгилеп өттү.

“Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Салык кызматы премьер-министр тарабынан көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу жана алдыга коюлган милдеттерди чечүү боюнча иш-план түзөт. Салык кызматынын ишиндеги артыкчылыктуу багыттагы иштер күчөтүлөт, анын ичинде салыктык жол-жоболорун фискалдаштыруу, салык төлөөдөн качкан салык төлөөчүлөрдү көмүскөдөн чыгаруу, салык карыздарын кыскартуу жана өндүрүү боюнча, салыктардын бюджетке толугу менен түшүүсүн камсыз кылуу боюнча иштер күчөтүлөт”, - деп билдирди Т.Абжапаров.

Алсак, ККМ-онлайды фискалдаштыруу долбоорун андан ары ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Азыркы учурда 14 миң 232 ККМ-онлайн иштөөдө, план боюнча 12 миң ККМ орнотулушу керек болчу. 2018-жылдын январь-ноябрь айларынын аралыгында ККМ онлайн орноткон чарбалык субъекттердин түшкөн акчасы 204 млрд 211 млн сомду түзгөн, бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 64 млрд 951 млн сомго же 143,8%га көп, мында салык милдеттенмелери 6,6 млрд сомду түзүп, 2017-жылдагы деңгээлден 1,6 млрд сомго же 132,3%га көп.

Ошондой эле, Салык кызматы ушул жылы электрондук эсеп-фактураны киргизүү жана товарларды маркалоо боюнча салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы иш-чараларды ишке ашырууну улантат.

Пикир

Оставить комментарий