• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Т.Акималиевдин “Аягы жок түштөр” тасмасы Индиядагы кинофестивалда мыкты кыска метраждуу тасма аталды

Маданият 0

Бишкек, 3-март /Кабар/. Режиссер Тынчтык Акималиевдин “Аягы жок түштөр” кыска метраждуу тасмасы Индияда 23-28-фералда Бхубанешвар тарыхый шаарында өткөн Эл аралык "Golden Triangle" кинофестивалында “Мыкты кыска метраждуу тасма” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу фестивалдын координатору Чолпон Идрисова билдирди.

Белгилей кетсек, кинофестивалдын алкагында өткөн жылдардагы КМШ, Балтия өлкөлөрүнүн жана Грузиянын “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” Эл аралык кинофестивалынын жеңүүчү тасмалары көрсөтүлдү.

Кинофестивалда төмөнкү тасмалар сунушталды: - "Аягы жок түштөр", реж. Тынчтык Акималиев, 2011; - "Жымжырт" (Тишина), реж. Наргиза Маматкулова, 2012; - "Чайка", реж. Елизавета Стишова, 2012; - "Кара далы" (Старая дева), реж. Алижан Насиров, 2013; - "Перегон", реж. Руслан Акун, 2013; - "Топурак" (Прах земной), реж. Чолпонай Борубаева, 2014; - "Лифт", реж. Асан Джанталиев, 2014; - "Таксист", реж. Кымбат Адылбекова, 2015; - "Олжо" (Добыча), реж. Болсунбек Таалайбек уулу, 2016. Эскерте кетсек, “Аягы жок түштөр” тасмасы 2011-жылы “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” Эл аралык кинофестивалында калыстардын атайын сыйлыгын алган.

Индия кинофестивалынын дирекциясы эки өлкөнүн улуттук киноиндустриясынын продукциясы менен жергиликтүү аудиторияны тааныштыруу максатында эки кинофестивалдын кызматташуусуна кызыкдарлык көрсөттү. “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалынын тасмаларын Индиядагы кинофестивалга фестивалдын координатору Чолпон Идрисова сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий