• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Т.Батыралиев: «Жакында өлкөнүн бардык аймактарында заманбап кургак учук ооруканалары болот»

Ден соолук 0

Бишкек, 24-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. “Биз жарандарды дары-дармектер менен камсыздап эле эмес, өлкөнүн бардык аймактарында заманбап ооруканаларды курушубуз керек”, - деп билдирди КР саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында.

Анын айтымында, жакында ал Жалал-Абадда 1940-жылы курулган кургак учук ооруканасында болгон. “Балким, ал ошол жылдары жакшы болгондур, бирок, бүгүн мындай мекемелер талапка жооп бербейт. Дүйнөлүк заманбап талаптарга жооп берген ооруканаларды салышыбыз керек. Биз бул багытта иштеп жатабыз жана жакын арада Бишкектен баштап өлкөнүн бардык аймактарында мындай ооруканалар курулат”, -деп ишендирди ал.

Ошондой эле, Т.Батыралиев 2016-жылдын аягында өлкөдө 25 кургак учукка каршы күрөшүү уюуму жана жалпы профилдеги стационарларда 4 кургак учукка каршы бөлүм эсептелген. Жалпысынан, 2 миң 673 орун болсо, алардын 565и балдар үчүн.

“Республикада КУну аныктаган 131 лаборатория бар. Бүгүнкү күнү Бишкекте гана КУну аныктоо боюнча заманбап жабдуу бар. Биз ушундай жабдуу менен башка аймактарды да камсыздоону пландап жатабыз”, - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий