• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Т.Батыралиев: “Жылдын аягына гемодиализ кызматын уюштуруу боюнча МЖӨ долбоору ашке ашат”

Ден соолук 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Жылдын аягына карата КРнын 3 шаарында гемодиализ кызматын уюштуруу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Анын айтымында, МЖӨ долбоорунун алгачкы долбоорунун бири гемодиализ уюштуруу боюнча долбоор болмокчу. Бүгүнкү күндө жаңы бейтаптардын саны 70ке жетти. Оорулуулардын саны көбөйбөөсү үчүн биз алардын дарылануусун колдошубуз керек. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу – бул биринчи тажрыйба. Гемодиализ борборлору Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында ачылат.

“Алдын ала квалификациялык тандоодон 2 компания өттү. Биз алардын бардык сунуштарын карап көрдүк жана жылдын аягына карата бул долбоорду ишке ашырабыз. Долбоор бейтаптарга сапаттуу гемодиализ кызматын алууга жол ачат. Кабыл алуу жана дарылоо боюнча бардык маселелер эл аралык стандарт боюнча жүргүзүлөт. Бейтаптар квалификалык жана сапаттуу жардам ала алышат”,-деди Т.Батыралиев.

Ошондой эле, министр келечекте мындай борборлорду өлкөнүн бардык облустарында ачуу пландалып жатканын белгиледи. “Бүгүнкү күндө өлкөдө гемодиализ уюштуруу боюнча болгону 3 мамлекеттик борбор бар. Орун бошогондо бейтаптар Талас же Нарындан Бишкекке келүүсүнө туура келет. Эгер бул долбоорлор иштеп баштаса, анда аларда биринчиден салыштырып көрүп тандоого, экинчиден узак жол жүрүп, убакыт кетирбөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт”,-деди ал.

Бул максатта 1 млн доллар бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий