• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Т.Казаков “Эң мыкты клуб” жана “Эң мыкты китепкана” наамына татыктуу болгондорду сыйлады

Маданият 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министири Т. Казаков үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Ош шаарына иш сапарынын алкагында Ош облусттук китепканасынын залында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты клуб” жана “Эң мыкты китепкана” наамдарын тапшырды. Бул туралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Эң мыкты клуб” наамына Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кашка-Суу айылынын маданият үйү жана Токтогул районундагы Саргата айылынын К. Жаманбаев атындагы маданият үйүлөрү татыктуу болду. Ал эми “Эң мыкты китепкана” наамын Түгөлбөй Казаков Баткен районунун Бүжүм айылынын китепканасына, Жалал-Абад облусттук китепканасына жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасына ыйгарды.

Белгилеп кетсек, Республикалык кароо-сынакка жалпысынан 704 клуб жана 1061 китепкана катышкан.

Ошондой эле, Т. Казаков “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин Үңкү музейинин проектисинин автору К. Назаровдун маалымат тактайчасын ачуу аземине, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр коомунун оштогу бөлүмү жана Ош шаардык башкармалыгы мене биргеликте даярдалган “Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган көркөм сүрөт” көргөзмөсүнө Ош шаарына болгон иш сапарда катышты.

Пикир

Оставить комментарий