• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Т.Сарыбашов республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүн сыйлады

Аймак 0

Ош, 28-июнь /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов жалпы республикалык олимпиада жеңүүчүлөрүнө жана алардын мугалимдерине ардак грамоталарын жана акчалай белек тапшырды. Бул тууралуу ведомсвтонун басма сөз кызматы билдирди.

“Сиздердин жеңишиңер биз үчүн өтө чоң кубаныч, олимпиадада алдыңкы үч орунду ээлеп, сиздер мыкты натйыжа көрсөтө алдыңыздар. Биз ар дайым сиздерге окшогон таланттуу окуучуларды колдоого даярбыз. Мен сиздердин татыктуу билим алып, мамлекеттин келечегине салым кошууңуздарга тилектешмин”,-деди Ош облусунун башчысы.

Жалпы республикалык олимпиадада Ош облусунан 35 окуучу катышкан. Алардын жетөөсү алдыңкы орундарды ээлеген.

Олимпиаданын жыйынтыгы менен: биринчи орунду” тарых сабагы боюнча-Алай районунун 10-классынын окуучусу Надирбек уулу Исламидин;

Физика сабагы боюнча – Өзгөн районунун 10-классынын окуучусу Садырбай Жумадиллов жана Кара-Суу районунун 11-классынын окуучусу Асель Бакирова.

География сабагы боюнча экинчи орунга Кара-Суу районунун 10-классныны окуучусу Нуртилек Жолдошбаев.

Кыргыз тили жана адабият сабагы боюнча үчүнчү орунду Кара-Суу районунун 11-классныны окуучусу Абибилла кызы Айганыш;

Математика сабагы боюнча Ноокат районунун 11- классынын окуучусу Азамат уулу Абдылас;

Ал эми химия сабагы боюнча Алай районунун 10- классынын окуучусу Жаныбек кызы Айпери.

Пикир

Оставить комментарий