• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Т.Сатылганов атындагы филармонияда В.Леонтьевдин маарекелик концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19 май /Кабар/. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 21-майда саат 18.00дө Россия жылдызы Валерий Леонтьевдин “45 жыл сахнада” аттуу шоу-концерти өтөт. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Концерт артистин 45 жылдык маарекелик турунун алкагында өтүп жатат. Кечени уюштурган “Art Face” борборунун өкүлдөрү белгилеп кеткендей, көрүүчүлөр үчүн Валерий Леонтьевдин бүткүл чыгармачылыгы мыкты шоу-программа аркылуу сахнада тартууланат.

Пикир

Оставить комментарий