• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Т.Сатылганов паркына "Россия" гезитинин өкүлдөрү ак кайың отургузду (Сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 21.03.18. /Кабар/. Оштогу Т.Сатылганов паркына "Россия" гезитинин өкүлдөрү ак кайың отургузду,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, иш-чара "Россия" гезитинин өкүлдөрүнүн демилгеси менен болгон.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Россиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин, "Россия" гезитинин Кыргызстандагы өкүлдөрү, Кыргызстан элдер ассамблеясынын өкүлдөрү, активисттер катышты.

Иш-чара Өкмөттүн “Таза жашоо” улуттук компаниясынын жана Ош шаарын тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жарыяланган 3 айлыктын алкагында уюштурулган. Ошондой эле, Т.Сатылгановдун 100 жылдыгына карата реконструкциялоо иштерине "Россия" гезити тарабынан колдоо иретинде болду.

Пикир

Оставить комментарий