• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Т.Валовая: «Молдованын ЕАЭБ менен кызматташууга кызыкдарлыгын колдойбуз»

ЕАЭБ 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Молдова Республикасынын Президенти Игорь Додон жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян ЕЭК жана Молдова Республикасынын ортосундагы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу салтанаты менен форумду ачышты.

Татьяна Валовая негизги баяндамасы катары расмий жактарга, ишкер жана коомдук чөйрөнүн өкүлдөрүнө Евразия экономикалык биримдигинин баяндамасы менен тааныштырды. ЕЭК министри Биримдиктин максаты жана милдеттери, анын учурдагы ишмердиги жана келечеги, ЕАЭБ эл аралык байланыштары жана чет элдик ишкерлер үчүн бирдиктүү евразиялык рынок түзгөн мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү боюнча Комиссиянын иши тууралуу айтып берди. Татьяна Валовая чогулгандардын көңүлүн евразиялык интеграциялык долбоорго бурду. “Дүйнөлүк экономикалык каатчылык биздин өлкөлөрдү интеграцияны өнүктүрүүгө, экономикалык биримдикке биригүүгө түрттү. Биз бул каатчылыктан кантип өткөңдүгүбүз, улуттук экономикаларды өнүктүрүү максатында бири-бирибизге көрсөтүүнү улантып жаткан өз ара колдообуз интеграциянын пайдасына тандоонун тууралыгын далилдейт”, - деп белгиледи Т.Валовая.

Ошондой эле, форумга ЕЭК тармактык департаменттеринин өкүлдөрү, Арменияю Кыргызстан жана Россиянын экономика министрлеринин орун басарлары, Беларусия жана Казакстандын Молдовадагы элчилери катышышты.

Фоурмдун молдова тараптык катышуучулары Татьяна Валоваяга ыраазычылык билдиришип, евразиялык интеграциялык биримдик менен Молдованын кызматташуу мүмкүндүктөрүн Молдованын улуттук экономикасын жана тең салмактуу соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүү кызыкчылыктарын негизинде изилдөө ойлорун айтышты.

ЕЭК басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий