• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төө-Моюнда кармалган өзбекстандык жаранды эч ким урган эмес, ал жардан кулап кеткен — милиция

Аймак 0

Бишкек, 04.01.22. /Кабар/. Ош облусунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында кармалган өзбекстандык жаранды эч ким урган эмес, ал жардан кулап кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билидришти.

Маалыматка ылайык, 3-январда саат 10:00дөр чамасында Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн Керкидан айылында чектеш Өзбекстандын Мархамат районунан өзбекстандык жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенде жергиликтүү тургундар тарабынан кармалгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Окуя кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Араван райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыккан.

“Саат 02:40тар чамасында УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүгүнүн кызматкерлери кайтарган тилкеден Өзбекстан тараптан белгисиз үч жаран Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын көздөй келе жатышканын байкаган. Чек араны мыйзамсыз өтүп кирүүсүнө бөгөт коюу максатында “Токтоо” деп аларга карай басканда белгисиз үч жаран кача баштаган. Чек ара кызматкери бирөөсүнүн артынан кубалап жөнөгөн. Чек араны мыйзамсыз өтүп бараткан белгисиз жаран качып баратып жардан кулап түшкөн, аны кармаганда бети-башы кан болуп, денесинен жараат алганы, кармалгандыгы жөнүндө акт түзүлгөнү аныкталган. Окуя болгон жерден анча алыс эмес жерде жергиликтүү тургандар менен милиция кызматкерлери биргеликте уюштурган түнкү күзөт чек арачыларга жардамга жетип келишкен. Ал учурда калган эки шериги кайра Өзбекстан тарапка кирип кетүүгө үлгүрүшкөн”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жарандын жанында өздүгүн аныктоочу документти болгон эмес. Өздүгүн аныктоодо ал Өзбекстандын Фергана облусунун 38 жаштагы И.У. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Окуя боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, схемасы чийилип, фото-тизмеси түзүлгөн. Күбөлөр суралган.

Кармалган У.И.га соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. И.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

4-январь күнү арыз менен Араван районунун Керкидан айылынын 59 жаштагы С.З. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында 2021-жылдын 17-декабрь күнү өзү жашаган үйүнүн короосунан төрт баш малын белгисиз жарандар уурдап кеткенин билдирген. Анын арызы каттоого алынып, Фергана облусунун 38 жаштагы И.У. аттуу тургунунун тийиштиги бар же жоктугун аныктоо, ошондой эле шериктерин тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ал эми И.У. денесинен алган жарааты боюнча чек ара кызматкерлери аны байкап калганда караңгыда алардан качып баратып жардан жыгылып түшүп денесинен жараат алгандыгын, аны эч ким урбаганын жана арыз жазуудан баш тартканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий