• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таалай Базарбаев Италиядагы бир катар чет мамлекеттердин элчилери менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 24-30-июнунда чейин Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиядагы бир катар чет мамлекеттердин элчилери - Россиянын элчиси Сергей Разов, Казакстандын элчиси Ерболат Сембаев, Өзбекстандын элчиси Отабек Акбаров жана Азербайджан элчиси Маммад Ахмедзада менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө Римдеги элчиликтердин ортосундагы кызматташтык, достук байланыштарды жандандыруу жана маданий-гуманитардык багытта биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелеринин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Элчи Т. Базарбаев маектешүүлөргө Кыргызстанда болуп өткөн акыркы шайлоо жана референдум, күзүндө боло турган парламенттик шайлоо жана башка маанилүү окуялар жөнүндө маалымат берди. Өлкөнүн жетекчилиги жүргүзгөн реформаларга өзгөчө басым жасалды. Кыргызстан жалпы көйгөйлөрдү, чакырыктарды, талаш-тартыштарды уүч колдонбостон же күч колдонуу коркунучун көрсөтпөстөн, саясий дипломатиялык диалог, сүйлөшүү жолу менен гана чечүүнү ар дайым жактап келген жана колдой берээрин баса белгиледи.

Элчилер менен болгон жолугушуулардын жыйынтыгында элчиликтер ортосундагы диалогду улантуу жана бардык багыттар боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий