• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таалайбек Акматбаев Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, муниципалдык кызматкерлердин потенциалын натыйжалуу пайдалануу максатында, Октябрь районунун башчысынын орун басары Акматбаев Таалайбек Таберикович ротация тартибинде шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Пикир

Оставить комментарий