• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таалайбек Ибраимов өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Таалайбек Ибраимов өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ибраимов Таалайбек Бадалович - 1973-жылдын 23-мартында Ош облусуна караштуу Баткен районунун Капчыгай айылында туулган.

1996-жылы Ош Мамлекеттик университетинин педагогика факультетин аяктаган.

1996-2001-жылдары Баткен районун Аксай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган.

2001-2009-жылдары Баткен районун Аксай айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2012-2014 жылдары БУУ тынчтык жана өнүгүү программассында улуттук волонтер, ошол эле жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясы магистратураны бүтүргөн.

2014–жылдан тарта Баткен райондук мамлекеттик админстрациясы, акимдин биринчи орун басары болуп иштеп келди.

Пикир

Оставить комментарий