• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таалайбек Сарыбашов Бишкек мэриясынын жамаатына тааныштырылды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Таалайбек Сарыбашов мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан мурда Т.Сарыбашов Ош шаарынын мэри болуп иштеп келген.

Бүгүн, 2-июлда Таалайбек Сарыбашовду шаардын автивине Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жалалов тааныштырды.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов башка кызматка дайындалганына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий