• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таалайбек Сарыбашов: Бишкек жашыл шаар статусун бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов мэриянын аппаратындагы бөлүм башчылар менен жыйын куруп, ар бир тармак боюнча тапшырмаларды берди.Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

«Негизги иштерди жасай тургандар сиздер. Сиздерге чейин район акимдерин кабыл алдым. Аларга укуктарын кенейтиш керек. Ар бири өз районундагы көйгөйлөрдү чечип, айрыкча тазалык, жашылдандыруу маселелерине жооп бериши керек. Бишкек жашыл шаар аталып келген. Ошол статусту бекемдейбиз. Ал эми сиздер ар бириңиздер өз тармагыңыздарда жоопкерчилик менен иш алып барыңыздар. Жаңы мэр келди, жаңы команда келет деп ойлобогула. Менин командам силерсиңер. Кыргызстанда бардык маселени президентке жүктөп коюшат. Андай эмес, ар бирибиз өз функционалдык милдеттерибизди аткаралы. Шаардык мэрия мыкты иштесе элдин бийликке болгон ишеними артат. Демек биз ишибизди мамлекет үчү жасашыбыз керек», - деди мэр.

Сарыбашов буга чейин «жашыл шаар» аталган Бишкек шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалык иштерине өзгөчө көңүл бурула турганын баса белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий