• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Таалайбек Сарыбашов жалпы шаардык ишембиликке катышты

Коом 0

Бишкек, 07.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэрин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов шаардыктар менен биргеликте Жумушчу шаарында жайгашкан «Люкс» скверинде жалпы шаардык ишембиликке катышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгиленгендей, жакында скверде масштабдуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт, ал Таалайбек Сарыбашовдун жеке көзөмөлүндө.

Шаар башчысы, шаардыктар, шаардын вице-мэрлери, Ленин районунун акими Мурат Осмонов жана борбордук аппараттын кызматкерлери сквердин айланасын тазалашты.

Бардык шаардык кызматтар жана ишканалар ишембиликке чыгышып, борбор калаанын аймагын тартипке келтиришти.

Пикир

Оставить комментарий