• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таалайгүл Исакунова менен Лунара Мамытова Башкы прокуратурага чакыртылды

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова менен Лунара Мамытованы Башкы прокуратурага чакырышты. Аталган маалыматты “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Исакунова менен Мамытова дипломаттык паспортторду колдонуу жана мамлекеттик каражаттын эсебинен чет жакка чыгууну текшерүүнүн алкагында чакырылган.

Эске сала кетсек, мурда депутат Аида Касымалиева социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилиги дипломаттык паспортторду колдонуп, чет жактарга чыгышкан деп билдирген.

Пикир

Оставить комментарий