• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таалатбек Масадыков иш сапары менен Кабулда жүрөт

Саясат 0

Бишкек, 08.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков иш сапары менен Кабулда жүрөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал де-факто афган бийлигинин жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар үчүн келген.

Ал 6-ноябрь жумушчу сапарынын башынан тарта Афганистан Ислам Эмиратынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Абдул Гани Барадар, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Абдул-Салам Ханафи жана тышкы иштер министринин биринчи орун басарынын милдетин аткаруучу Шер Мохаммад Аббас Станикзай менен жолугушту.

Жолугушууларда аймактык коопсуздук маселелери жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий байланыштар, транспорт коридорлору жана афган элине гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий