• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Таалатбек Масадыков Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков бүгүн Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докерти жана Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздук, Афганистандагы учурдагы кырдаалдын өрчүшү боюнча актуалдуу маселелер, атап айтканда потенциалдуу коркунучтар жана тобокелдиктер менен байланышкан маселелер талкууланды, ошондой эле эки тараптуу мамилелер жана Кыргызстандын экономикасына британиялык инвестицияларды тартуу маселелери козголду.

Жолугушууга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Абдуразаков да катышты.

Пикир

Оставить комментарий