• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тааныш-билиштик менен патрулдук милицияга орношууга болбойт – ИИМ кызматкерлерге болгон талаптар тууралуу

Коом 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Пилоттук долбоор катары Бишкекте ишин баштай турган жаңы патрулдук кызматка жумушка алууда баардык коррупциялык тобокелчиликтер жокко чыгарылат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында эксперттик топтун өкүлдөрү билдиришти.

Реформаны иш жүзүндө жүзөгө ашыруу ушул жылдын 6-майында башталган. Бул долбоордун стратегиясы менен планын ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүмдөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ иштеп чыккан.

Ошол күндөн тарта Бишкек шаарынын Патрулдук милиция кызматы башкармалыгына кызматка алуу үчүн документтер кабыл алына баштаган. Жумушка орношууну каалагандар үчүн маалымат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын сайтында жарыяланган. Документтерди каалоочулардын баары – милицияда кызмат кылгандар менен катардагы жарандар да 2019-жылдын 6-июнуна чейин жибере алышат.

"Учурда тандап алуунун жүрүшүнө ишенбөөчүлүк бар. Биз, болушунча ачык процесс түзүп, сынактык комиссиянын мүчөлүгүндө 14 адам бар: 8 киши жарандык коомдун өкүлдөрү жана 6 киши ИИМ өкүлү", - дейт ИИО жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун башчысы Тамерлан Ибраимов.

Анын айтымында, сынактык тандоонун биринчи баскычында жалпы билим боюнча тест болот. Ал иш учурда жалпы республикалык тестирлөөнү жүргүзгөн Билимди баалоо жана окутуу ыкмалары борбору тарабынан аткарылат.

"Бул уюмдун өзүнүн методологиясы бар. Алар тестирлөөнү ага эч ким аралаша албагандай өткөрүшөт. Жалпы билим боюнча биринчи тестти баардык талапкерлер өтүшөт", - деди ал.

Кийинки этапта аскерий-дарыгер комиссиясы болуп, андан кийин физикалык даярдык боюнча кароо жана аңгемелешүү болот. Эксперттик топтун башчысы белгилегендей, баардык төрт этап сынактык комиссия тарабынан көзөмөлгө алынат.

Ачык сынактык тандоодон өткөн талапкерлер ИИМдин Академиясында өтө турган 3 айлык курстарда кызматка даярдык көрүүнү улантышат.

"Окутууда тактикалык жана психологиялык, мыйзамдарды билүү жана башка даярдыктар боюнча сабактар камтылат", - деди ал.

Окутуудан өткөндөн кийин жаңы Башкармалыктын кызматкерлери Бишкектин аймагындагы 235 тилкеде коомдук тартипти жана жол коопсуздугун карашат. Тандоонун биринчи этабында 800 кызматкер тандалып алынат. Алардын ичинен 600 кызматкер күнүнө жумушка чыгып, 200 кызматкер унаа менен болот.

Иш убактысы 8 сааттан үч нөөмөткө бөлүнөт. Маяна 20 миң сомдон кем болбойт.

Пикир

Оставить комментарий