• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасында таасири күчтүү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасында таасири күчтүү уулуу заттарды колдонууда коопсуздукту камсыз кылуу, авариялык кырдаалдардын тобокелчилигин төмөндөтүү, жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоо максатында кабыл алынды.

Бул коопсуздук эрежесин иштеп чыгууда Евразия экономикалык биримдигинин талаптары жана техникалык жөнгө салуунун эл аралык тажрыйба эске алынды.

Белгилей кетүүчү жагдай, бекитилген Коопсуздук эрежелеринин редакциясы толугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 21-сентябрындагы № 513 токтому менен бекитилген Таасири күчтүү уулу заттарды алуунун, өткөрүүнүн, сактоонун, эсебин жүргүзүүнүн жана ташуунун тартиби жөнүндө көрсөтмөнү өзүнө камтыйт.

Бул Коопсуздук эрежелери баңгизаттар, психотроптук заттар, пестициддерге байланыштуу болгон процесстерде колдонулбайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы мүчө катары эсептелген, тийиштүү тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге карама-каршы келбейт.

Кабыл алынган Коопсуздук эрежелери бардык объекттерди техникалык жактан жөнгө салууда аварияга каршы туруктуулугун жогорулатуу; ишкерликтеги тобокелчиликтердин деңгээлин азайтуу жана атамекендик, чет өлкөлүк инвесторлор үчүн бул объекттердин коопсуздук жаатындагы шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий