• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Табигый кырсыктардан 8444 кожолуктун жана 5923 га чарба үлүш жерлери корголду – фото

Аймак 0

Бишкек. 28.05.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан табигый кырсыктарды алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү алкагында коргоочу курулмаларды куруу, жээктерди бекемдөө жумуштарынын 2019-жылга карата болжолдуу-планы 54 объектте иш мерчемделген. 4 ай ичинде 32 объектте жумуш жүргүзүлгөн, анын ичинен:

– Ош облусунда 9 объектте жумуш жүрдү;

– Баткен облусунда 6 объектте жумуш;

– Жалал-Абад облусунда 10 объектте жумуш;

– Талас облусунда 4 объектте жумуш жүрүп;

– Нарын облусунда 1 объектте жумуш жүрүп;

– Ысык-Көл облусунда 1 объектте жумуш;

– Чүй облусунда 1 объектте жумуш жүргөн.

Натыйжада биринчи багыт боюнча 13 объект пайдаланууга берилип, 3767 кожолук жана 3785 га айыл чарба аянттары корголду, ошондой эле 1мектеп, 1 ФАП жана 233 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.

Ал эми алдын алуунун экинчи багыты – “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларын 2019-жылдагы Болжолдуу-планына 317 обьект киргизилип, 4 ай ичинде республика боюнча 159 объектте иш-чаралар жүргүзүлүп, 118 объектиде иш бүткөн жана 28 объектиде иштер улантылууда:

– Ош шаары-4 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 4 объектиде жумуш аяктаган;

– Ош облусу - 55 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 40 объектиде жумуш аяктаган, 9 объектиде иштер улантылууда;

– Жалал-Абад обл. - 33 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 28 обьектиде жумуш аяктаган, 3 обьектиде жумуш жүрүп жатат;

– Баткен обл. – 20 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 10 обьектиде жумуш аяктаган, 9 объектиде жумуш жүрүп жатат;

– Нарын обл. 7 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 5 обьектиде жумуш аяктаган, 2 обьектиде жумуш жүрүп жатат ;

– Ысык-Көл обл. 6 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 3 обьектиде жумуш аяктаган, 2 обьектиде жумуш жүрүп жатат;

– Талас обл.- 9 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 7 объектиде жумуш аяктаган, 2 объектиде иштер улатылууда;

– Чүй обл. - 21 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 19 объектиде жумуш аяктаган, 2 объектиде жумуш жүрүп жатат.

Аткарылган иш-чаралардын натыйжасында: 4677 кожолуктун жана 2138 га чарба үлүш жерлерди, 10 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2- балабакча, 1-ички чарбалык көпүрө, 1-мечит, 1-мүрзө, 1-ФАП, 1-ГСВ, 1 ЛЭП, 1 көпүрө сел коркунучунан корголду, 1001 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Жалпысынан 371 объектиде жумуш жүргүзүү мерчемделип, 191 объектидежумуш жүрүп, 131 объектиде жумуштар бүткөн. Натыйжада жалпысынан 8444 кожолуктун жана 5923 га чарба үлүш жерлерди, 10 км ички чарбалык жол корголду, 2 көп кабатту үй, 2 балабакча, 1 ички чарбалык көпүрө, 1 мечит,1 мүрзө, 2 ФАП, 1 ГСВ, 1 ЛЭП, 1 көпүрө, 1 мектеп сел коркунучунан корголду, 1234 кожолук жол каттамы менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий