• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Табигый кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү эсеби ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунда табигый кырсыктын жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү үчүн эсеп ачылды. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү максатында акча каражаттарын которуу үчүн эсеп ачылды.

Ош облусунун Өзгөн районундагы жер көчкүнүн кесепетинен жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык тараптар төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттерге каражат которушса болот.

Эсеби: 4407012100009282
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жер титирөөнүн жыйынтыгында жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү каалаган физикалык жана юридикалык тараптар төмөндө көрсөтүлгөн реквизиттерге каражат которушса болот.

Эсеби: 4407012100009383
Ош РОК 701
Төлөм түрү 2100
ИНН 00103200110150

Пикир

Оставить комментарий