• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардын алдын алуу боюнча Аксыда иш-чара өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Аксы районунда “5-октябрь Кырсыз Республикасындагы кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМнин Аксы районундагы бөлүмү тарабынан иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу полковник А.Закиров, Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы М.М.Мырзамамытов, орун басары Эмилбек уулу Талантбек, райондук Жарандык коргонуу кызматтары, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү тургундар, жалпысынан 290 адам катышты.

Алгач, чогулган элге өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, Жарандык коргонуу тутуму жөнүндө викторина түрүндө суроо-жооп уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдындагы аянтчага райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникалары көргөзмөгө коюлуп, алардын милдеттери жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө катышуучуларга кеңири маалымат берилди.

Иш-чаранын экинчи этабы практикалык түрдө болуп, Кербен шаарындагы №36 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинде машыгуу өткөрүлдү.

Куткаруучулар өрт кырсыгы учурунда окуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо, мектепте чыккан шарттуу өрттү өчүрүү, имараттан чыга албай калган окуучуларды куткаруу ыкмалары жана жабыркаган окуучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жолдорун катышуучуларга практикалык түрдө көргөзүлүп беришти.

Пикир

Оставить комментарий