• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Табият кырсыгынан жабыркагандардын көйгөйлөрү иликтенип, чечүү жолдору каралат – ЖК төрагасы

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында ушул жылдын март-апрель айларындагы жер көчкүдөн улам жер которууга аргасыз болгон Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол, Талдуу-Булак жана Кеңеш айылдарынын тургундары үчүн бөлүнүп, турак-жайлар салынып жаткан аймак менен таанышты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы аймакка отурукташып жаткан эл менен жолуккан Төрага Чыныбай Турсунбеков алардын көйгөйлөрү менен да таанышты. Жер которууга аргасыз болгондордун көпчүлүгү каржынын жетишсиздигинен улам тамдарынын курулушу кечеңдеп жатканын билдиришип, кышка чейин бүткөрүү үчүн жардам берүүнү өтүнүштү. Андан тышкары, жол, көпүрө жана жарык сыяктуу бир катар маселелер жашоону кыйындатып жатканын кошумчалашты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков көтөрүлгөн маселелер көңүл сыртында калбай тургандыгын белгилеп: “Мен бардык көйгөй тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетине билдирип, Өкмөткө да атайын тапшырма берем. Табият кырсыгынан жабыркагандардын көйгөйлөрү аныкталып, чечүү жолдору каралат”, – деди. Ошондой эле, Базар-Коргон районунун акимине Төраганын жеке фондунан өтө муктаждарга бөлүштүрүү үчүн 200 миң сом тапшырды.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Төрагасы Чыныбай Турсунбеков эки күндүк иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барды. Анын алкагында бир катар социалдык мекемелердин жана өндүрүштүк ишканалардын абалынан кабар алып, жергиликтүү тургундар менен да жолугушууда.

Пикир

Оставить комментарий