• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Табып Хашим Зайналиевге карата кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Лимфобласттык лейкоз диагнозу менен ооруган 5 жашар кызга белгисиз дарыларды сайган табып Хашим Зайналиевге кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Бишкек шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 7-декабрь күнү КРнын Кылмыш жаза-кодексинин 122-беренесине (Мыйзамсыз даарылоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кыздын ата-энеси арыз жазуудан баш тартышкан. Алардын ордуна Саламаттык сактоо министрлиги арыз менен кайрылган.

Эскерте кетсек, Улуттук онкология борборунун жетекчисинин орун басары Гүлнара Аманкулова “Кабар” агенттигине билдиргендей, 28-ноябрь күнү комадагы 5 жашар кыз келип түшкөн. Ал кызды 2 жума “Көк-Жар” конушунда Хашим Зайналиев аттуу табып дарылаган.

Пикир

Оставить комментарий