• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таэквондо боюнча Олимпиада чемпиону Мун Даэ Сонг Бишкекте семинар өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. 2004-жылы Афинада өткөн Олимпиада чемпиондугунда таэквондо боюнча чемпион болгон Мун Дэ Сонг жергиликтүү спортчулар жана машыктыруучулар үчүн семинар, таэквондо боюнча эл аралык турнир өткөрүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу ал "Кабар" маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал ири эл аралык мелдешке карата спортчулардын даярдыгы жөнүндө айтып жатып, спортчулардын мамлекеттин колдоосусуз эл аралык деңгээлге чыгуусу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

"Мен дүйнөдө таэквондо өнүкпөгөн өлкөлөргө барып, семинарларды көп өткөрүп турам. Ал жакта мамлекет спорттун бул түрүнө анчейин көңүл бурбайт жана мен спортчулар эл аралык турнирлерге катышуусу, тажрыйба топтоосу жана өзүнүн спорттук чеберчилигин көтөрүүсү үчүн ушундай өлкөлөргө жардам бергим келет", - деди Мунг Даэ Сонг.

Ал жакынкы жалдары Кыргызстанда таэквондо боюнча дүйнө жана олимпиада чемпиондору пайда болоруна ишенерин билдирди.

"Мен жакынкы жылдары сиздерде олимпиада чемпиондору жана Азия оюндарынын жеңүүчүлөру болоруна терең ишенем. Кыргызстандагы сапарымдын жүрүшүндө биз 2030-2032-жылдарда өтө турган Дүйнө чемпионаты жана Олимпиада чемпионаты сыяктуу турнирлерге олуттуу көңүл буруу үчүн спорттук иш-саралардын планын иштеп чыгууга аракет кылабыз. Албетте, Азия оюндарында жана Олимпиада чемпионаттарында медаль алуу спортчуларга жеңил эмес, бирок биз татыктуу талапкерлерди даярдоого болгон күчубүздү жумшайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, семинар Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан машыктыруучулар жана спортчулар, Казакстан менен Өзбекстандан коноктор катышат. Семинар өзүнө Бүткүл дүйнөлүк таэквондо эрежелери боюнча спаррингге даярдоонун негиздерин, тактап айтканда, теориялык даярдык, жалпы дене тарбия, атайын дене тарбия жана техникалык-тактикалык даярдык, таэквондону эл аралык масштабда этап-этабы менен өнүктүрүү, машыктыруучулар жана спортсмендердин тажрыйбасын жана чеберчилигин өркүндөтүүнү камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий