• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тагай бийдин 510 жылдыгына арналган илимий конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 9-июнь /Кабар/. Кечээ, 8-июнда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында “Тагай бий – ынтымактын жана биримдиктин символу” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Аталган иш чарага тарыхчы окумуштуулар жана республиканын жети дубанынан келген коноктор катышты. Конференция “Тагай бий ата” коому тарабынан уюшулган.

Анын жүрүшүндө алгачкылардан болуп “Тагай бий ата” коомунун төрагасы, ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев сөз сүйлөдү. “Тагай бийдин кыргыз элине жасаган иштеринин мааниси - чачыранды болгон элибиздин башын бириктирип, ынтымакта кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүү эле. Биз да анын ишин улантуу максатында Тагай бий атабыздын туусун көтөрдүк, гимнинин жаздырдык, Сузак районунда конференция өткөрүп, Барскоондо мал союп куран окуттук”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле, “Тагай бий ата” коомунун акыркы төрт жылда жасаган иштери тууралуу маалымат берилип, Тагай бий туурасында тарыхчы окумуштуулардын баяндамалары окулду. Мындан тышкары коомдун төрт жыл ичинде өз салымын кошкон жана коомдук иштерге жигердүү катышкан мүчөлөрүн сыйлоо аземи менен коштолду.

Маалымдама. Тагай бий - XIII кылымда Чыңгыз хандын чабуулунан улам кыргынга учурап, аман калгандары чачыранды болуп кеткен, XV кылымда гана моңголдордун эзүүсүнөн кутулган кыргыздарды, кайрадан бириктирип, өз мамлекетин түптөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн учурда оор жагдайга карабастан, көрөгөчтүк менен бириге албай жүргөн элдин башын бириктирип, эркиндик үчүн болгон күрөштүн башында турган.

Мухаммед Кыргыз лакап аты менен тарыхта калган тарыхый инсан Тагай бий 1460-жылы азыркы Алай районундагы Сары-Бел деген жерде туулган. Агасы Адыгене бий болуп турган кезинде Кочкорго келип турап калат. 1508-жылы көлдүн Барскоон деген жеринде хандыкка көтөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий