• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таганрогдо чиновниктер көп балалуу үй-бүлөгө 47 рубль жөлөкпул берген

Дүйнө 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Россиянын Таганрог шаарында чиновниктер көп балалуу үй-бүлөгө бир жолу берилүүчү жөлөк пулду 47,5 рубль (кырк жети рубль элүү копеек) өлчөмүндө бөлүп берген. Бул тууралуу snob.ru жазат.

Аталган шаардын администрациясына көп балалуу үй-бүлөдөн кайрылышканда (бир эле энеси бар), ага 47 рубль жөлөк пулдан тышкары кошумча 1 миң рубль материалдык жардам катары берилген.

Шаардык администрациянын кызматкери, бул үй-бүлөнүн энесинин тапкан каражаты жана балдары үчүн алынган алименттен куралган кирешеси бар экенин айтат деп билдирет "Ростов официальный" порталы.

Ал эми жанагы 47 рублды алар киреше жана оокат кылуу үчүн зарыл минимумдун айырмасынын негизинде эсептеп чыгышкан.

Таганрогдун администрациясынын аныктаганы боюнча, ал үй-бүлөнүн кирешеси 38 миң рубль экен. Ошондой эле чиновниктер үй-бүлө калкты социалдык коргоодо каралган баардык шарттарын колдонорун кошумчалашкан.

Пикир

Оставить комментарий