• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таяк тартыш боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстан экинчи орунду алды – байге алгандардын тизмеси

Спорт 0

Бишкек, 27.11.18./Нуржигит Бейшебаев – Кабар/. Якутск шаарында (Саха Республикасы, Россия) өткөн таяк тартыш боюнча III Дүйнөлүк биринчиликте кыргыз спортчулары 9 медаль тагынышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 24-25-ноябрь күндөрү болуп, ага 39 өлкөнүн спортчулары катышкан. Мелдеште эркектертер арасында 7 салмак чен боюнча, кыз-келиндер арасында 5 салмак чени боюнча медалдар ойнотулган.

Биздин спортчулар жалпы 9 медаль жеңип, анын төртөө күмүш, бешөө коло болгон.

Ошентип, жалпы командалык эсеп боюнча Россиянын курамасы 11 медаль (10 алтын, 1 коло) менен биринчи орунду ээлеген. 9 медаль менен экинчи орунда Кыргызстан. Үчүнчү орунга 7 медаль (1 күмүш, 6 коло) алган Өзбекстан илинген.

Байгелүү спортчулардын тизмеси:

Күмүш медаль алгандар:

60 килограммга чейин – Асанов Азамат;

70 килограммга чейин – Өмүралиев Бекжан;

90 килограммга чейин – Таштанбеков Азат;

105 килограммга чейин – Атайбек уулу Келдибек;

Коло медаль алгандар:

55 килограммга чейин – Иманканова Дилбара;

70 килограммга чейин – Алимов Кудайназар;

80 килограммга чейин – Жунушев Аскат;

80 килограммга чейин – Чыныбек уулу Руслан ;

90 килограммга чейин – Мусуралиев Эмил.

Пикир

Оставить комментарий