• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таякеси унаа менен сүйрөткөн өспүрүмдүн апасы Москвадан учуп келди

Коом 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Таякеси унаага байлап сүйрөткөн өспүрүмдүн апасы Москвадан учуп келди. Бул тууралуу "Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы»" коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтуусу боюнча, апасы үч сутка уктабагандыктан ММКнын өкүлдөрүнө эч кандай интервью азырынча бере албайт.

“Баардык керектүү маалыматты ал укук-коргоо органдарына, акыйкатчыга жана социалдык коргоо министрлигине берген. Жакынкы убакытта ал баласына гана көңүл бөлүүнү пландоодо”,- дейт Турдубекова.

Таякесинин колунан жабыркаган баланы апасы Москвага алып кете тургандыгы билдирген.

Эске сала кетсек, Бишкектин четиндеги “Алтын Казык” жаңы конушунда жеке үйлөрдүн биринде 2010-жылы туулган Ж.К., аттуу жаш баланы 1986-жылкы Б.С., аттуу таякеси сабам, андан кийин БМВ үлгүсүндөгү унаасына байлап алып сүйрөгөн.

Пикир

Оставить комментарий