• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ: Таиланд жана Камбоджиден Кыргызстандын 24 жараны кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Таиланд жана Камбоджиден Кыргызстандын 24 жараны кайтып келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги менен Казакстандын тышкы иштер министрлигинин өз ара аракеттешүүсүндө жарандарды кайтарып алуулар иштелип чыкты. 2-майда Шымкент шаарынын эл аралык аэропортунда коммерциялык чартердик авиакаттамы менен Таиланд жана Камбоджиден Кыргызстандын 24 жараны кайтып келди.

Кыргызстандын бардык жарандары атайын транспорттор менен КРнын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин коштоосунда Бишкеке келишти. Азыркы учурда келген бардык жарандар КРдагы медициналык мекемелердин биринде белгиленген тартипте байкоо жүргүзүүгө (обсервацияга) жайгаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий