• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таиландда мурдагы полиция кызматкери ок чыгарып, 36 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. Таиландда баңгизат колдонгондугу үчүн кызматынан алынган полициянын мурдагы сержанты жарандарга карата ок чыгарган. Окуя Нонгбуалампху провинциясындагы Балдарды өнүктүрүү борборунда орун алып, 36 адам көз жумган, деп билдирет Thai PBS каналы.

Мурадараак 32 адамдын каза болгону маалымдалган. Алардын 24ү балдар.

Белгиленгендей, полиция кызматкерлери ок чыгарган адамга таандык унааны анын үйүнөн табышкан. Алар имаратты курчап, ал адам менен сүйлөшүү аракетин көрүшкөн, бирок эч кандай жооп болгон эмес.

Полиция кызматкерлери кылмышкер башка унаа менен, же жөө качып кеткендигин божомолдоп, бирок, бираз убакыттан кийин үйүнө киришкен. Ал жерден сержанттын, анын аялынын жана баласынын октон жаракат алган сөөгүн табышкан.

Телеканалдын маалыматына ылайык, ошол эле жерден тапанча табылган.

Пикир

Оставить комментарий