• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таиландда сулуулук сынагы өтүүдө. КРдин атынан кайсы бийкеч катышууда?

Коом 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык Чолпонай Мамбетова эл аралык Miss Tourism Queen International – 2018 сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРдеги модель агенттиктеринин биринин өкүлү Алтынай Исманкулова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Бангкокто өтүп жатат. Биринчилик үчүн Россия, Латвия, Вьетнам, Австралия, Португалия, Филиппин, Мексика, Бразилия, Беларусия, Кытай, Индия, Бельгия сыяктуу өлкөлөрдөн келген 60тан ашун сулуулар ат салышат.

Мамбетова иш-чара боло турган жерге 9-майда учуп кеткен. Финал 16-майда болот.

“Кыздарды сынактын негизинде тандап алабыз, анын чечими менен сынакка ким барарын чечебиз. Өлкөнүн атынан барган ар бир кыз бардыгын өз чөнтөгүнөн төлөйт. Чолпонайда мындай сулуулук көрсөтмөлөрүнө катышууга чоң тажрыйба бар”, -деп билдирди ал.

Кыргызстан аталган сынакка 2005-жылдан бери катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий