• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Тайланддагы сейил бакта пилдин баласын куткарам деп 11 пил жарга кулап түштү. Видео

Дүйнө 0


Бишкек, 08.10.19. /Кабар/. Бангкок шаарынан 150 чакырым алыстыкта орун алган “Кхао Яй” улуттук сейил багында пилдин баласынын артынан 10 жапайы пил жарга түшүп кетип өлгөнүн “Тхаи Рат” гезити жазып чыкты.

"Тхаи Рат” гезитинин маалыматына ылайык, Пилдин баласын жана 5 пилдин жансыз денесин улуттук сейил бактын рейнджерлери тарабынан ишемби күнү табылган. Ал эми, дүйшөмбү күнү жардын жаракасынан агып чыккан тоо суусунан дагы 5 пилдин жансыз денеси табылган.

Рейнджерлер жана окумуштуулар, пилдин баласы алгачкылардан болуп жарга кулап түшкөн, ага жардам беребиз деп калганы да кулап кеткен деген чечимге келишкен. Кырсыктан жалпы жонунан 11 жапайы пил өлгөн.

Пилдер бир үйүргө таандык экени маалыматта айтылат.

Учурда улуттук сейил багынын аймагында дагы 2 жаракат алган пил изделүүдө. Ошол эле учурда, кырсыктан өлгөн пилдердин жансыз денеси окуя болгон жерден алып чыгарылууда.

Пикир

Оставить комментарий