• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Таиланддын 32 провинциясындагы топон суудан 28 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Таиланддын 77 провинциясынын 32синде нөшөрлөгөн жаандан улам пайда болгон топон суудан 28 адам каза болду. Бул тууралуу шейшемби күнү Bangkok Post гезити Таиланддын Метеорологиялык департаментине таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 29-августтан бери аталган өлкөнүн түндүк жана түндүк-чыгышында пайда болгон топон суу 28 адамдын өмүрүн алды.

Метеорологиялык департаментинин билдирүүсүндө, нөшөрлөгөн жаандан улам жаңы тоноп суу кайрадан Таиланддын түндүк жана түндүк-чыгыш райондорунда пайда болуусу күтүлүүдө.

Акыркы 10 күн ичинде 28 адам каза болуп, 370 миң 749 үй жабыркаган. Ошондой эле, 5 ири унаа жолун суу каптаган.

Таиландда жана коңшу өлкөлөрдө топон суу жыл сайын жаан мезгилинде пайда болот. Нөшөрлөгөн жаан апрелдин аягында май айынын башында башталып, октябрдын аягына чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий