• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Тайланддын чемпионаты: Кыргызстандык волейболчу ойногон "Эйр Форс" командасы биринчи орунга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Тайланддын чемпионатында кыргызстандык Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан кабарлашты.

"Эйр Форс" командасы 29-февралда жана 1-мартта "Koh-Kood Cabana" командасына каршы эки оюн өткөрдү.

Алгачкы оюнда кыргызстандык спортчу ойногон команда жеңилип калса, жооптук беттеште "Эйр Форс" командасы 3:0 эсебинде атаандашын жеңип алды.

Үчүнчү турдун жыйынтыгында "Эйр Форс" командасы тизменин сап башына чыкты.

Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчу Темир Муса уулу Тайланддын чемпионатында ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий