• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Тайланддын чемпионаты: Кыргызстандык волейболчу ойногон "Эйр Форс" командасы финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Тайланддын чемпионатында кыргызстандык Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы финалга чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Волейбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Быйылкы сезондо 8 команда күч сынашып, алардын ичинен 4 команда финалдык оюндарга чыкты.

Финалдык оюндар 18-мартта өтөт.

Алар:

- "Накхон Ратчасима"

- "Даймонд Фуд"

- "Эйр Форс"

- "Питсанулок"

Белгилей кетсек, кыргызстандык Темир Муса уулу тайланддык "Эйр Форс" командасында ойноп келет.

Пикир

Оставить комментарий