• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тайланддын чемпионаты: Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы "Prince Finance" клубун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Волейбол боюнча Тайланддын чемпионатында кыргызстандык Темир Муса уулу ойногон "Эйр Форс" командасы "Prince Finance" клубун жеңип алды.

Чемпионаттын үчүнчү туру 25-26-январда Тайланддын Бангкок шаарында өттү.

"Эйр Форс" командасы "Prince Finance" клубун 3:1 эсебинде жеңип алды. Анын курамында кыргызстандык волейболчу Темир Муса уулу ойнойт.

Үч турдун жыйынтыгында "Эйр Форс" командасы 6 упай менен 3-орунда келе жатат.

Ал эми беттештин төртүнчү туру 1-5-февралда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий