• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Тайм" журналы Илон Маскты "жылдын адамы" деп атады

Дүйнө 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Америкалык SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск "Тайм" журналынын версиясы боюнча "Жылдын адамы" деп аталды.

Басылма белгилегендей, Маск "дүйнөдөгү эң бай адам гана эмес, коомдогу масштабдуу өзгөрүүлөрдүн бай мисалы болуп калды. Бул инсан планетаны сактап калууну, жаңы планеталарды багындырып, элди ошол жерге көчүрүүнү көздөйт".

"Тайм" 1927-жылдан бери жылдын адамын аныктап келет. Адатта аяктап бараткан жылы дүйнөдөгү окуяларга оң же терс таасир эткен бир киши же адамдардын тобу тандалат. Былтыр бул номинацияда АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент Камала Харрис аталган.

Анын алдынкы жылы экоактивист Грета Тунберг тандалса, 2016-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп, 2007-жылы орус лидери Владимир Путин жылдын адамы болгон.

Пикир

Оставить комментарий