• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызматынын төрагасы болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Бакир Таиров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ведомствонун басма сөз кызматын кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Андан тышкары, Таировдун орун басары болуп Жамгырчиев Эмил Эрикович дайындалды.

Жаңы жетекчилер бүгүн жалпы жамаатка тааныштырылат.

Эске сала кетсек, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Болот Суюмбаев кызматка дайындалгандан кийин 10 күндөн соң, 26-апрелде ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий